Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-апрели №222/35-5
Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндөгү “Мадина” кафесинин түштүк тарабындагы Р-1 аймагына кирген 400 м.кв. жер аянтын Ц-1 аймагына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү” 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 79-беренесин жетекчиликке алып Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндөгү “Мадина” кафесинин түштүк тарабындагы Р-1 аймагына кирген 400 м.кв жер аянты Ц-1 аймагына которулсун.
2. Кабыл алынган токтом “Жаңы Багыт” гезитине жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай коммуналдык чарба, транспорт, курулуш ишкерликти өнүктүрүү электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Кудайбергенов А.А) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джусупбеков |