Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-апрели №219/35-5
Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасын, орун басарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесине жана депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 5-главасынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №2 Чолпон шайлоо округунан Талас шаардык кеңешинин депутаты Шабданов Аскар Адылбекович “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп бекитилсин.
2. №1 Батыш шайлоо округунан шаардык кеңештин депутаты Осмонов Бейшенбек Досбаевич “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын орун басары болуп бекитилсин.
Төрага | А. Джусупбеков |