Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-апрели №220/35-5
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин байгесине арналган эл аралык турнирди өткөрүү жөнүндө
Талас шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2012-жылдын 16-апрелиндеги №112 сандуу катынын негизинде “Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин байгесине” арналган футбол боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнирди өткөрүү максатында, депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин байгесине” арналган футбол боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнирди өткөрүү жагы жактырылсын.
2. “Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин байгесине” арналган футбол боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнирди өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70000(жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. “Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин байгесине” арналган футбол боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык турнирди өткөрүүнү уюштуруу жагы Талас шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчисине (Б.Осмоналиев) жүктөлсүн.
4. Аталган турнирди өткөрүү үчүн тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү жагы Талас шаардык каржы бөлүмүнүн башчысына (Ө.Давлеталиев) жүктөлсүн.
5. Кабыл алынган токтом Талас шаардык “Жаңы Багыт” гезитине жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Жаштар иштери,спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (А.Шабданов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джусупбеков |