Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-апрели №218/35-5
Талас шаарында коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифи жөнүндө
Бүгүнкү күндөгү күйүүчү-майлоочу майлардын, автоунаа тетиктеринин бааларынын кымбаттап жатканына байланыштуу Талас шаарында жүргүнчүлөрдү ташууну камсыз кылып жаткан транспорттук бирикмесинин экономикалык абалын жакшыртуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу анти монополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Чүй-Талас облустук бөлүмүнүн 2012-жыл 17-апрелиндеги №11 макулдук буйругуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын аймагында менчигинин түрүнө карабастан жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттордун баардык түрлөрүндө жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифи №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом тиркемеси менен Талас шаардык “Жаңы Багыт” гезитине жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Талас шаардык кеңешинин «Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасына (А.Кудайбергенов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джусупбеков |