Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-февралы № 126
Мектептердеги окуу-тарбиясынын жүрүшү жана окуучуларды тамак аш менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө
Мектептердеги окуу-тарбиясынын жүрүшү жана окуучуларды тамак аш менен камсыз кылуунун абалы жөнүндөгү маалыматты угуп, талкуулап Манас райондук Кеңеши токтом кылат:
1. Мектептердеги окуу - тарбиясынын жүрүшү боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Ибраимовтун жана окуучуларды тамак аш менен камсыз кылуунун абалы жөнүндөгү райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Ч.Сагындыкованын депутаттарга берген маалыматтары эске алынсын. (тиркелет)
2. Манас райондук Кеңешинин “Билим, маданият,ден соолук жана социалдык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясы “Мектептердеги окуу-тарбиясынын жүрүшү жана окуучуларды тамак аш менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө каралуучу маселе боюнча, мектептерге барганда: Покровка орто мектебинин,М.Рахманбердиев атындагы орто мектебинин,Дүйшембиев атындагы орто мектебинин, Покровка толук эмес орто мектебинин,Н.Цыренин атындагы орто мектебинин деректирлерине себепсиз жумуш ордуларында болбогондугу үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Ибраимовко чара көрүү жагы cунушталсын.
3. Кыргызстан айыл округундагы Н.Цыренин атындагы орто мектебинде окушкан 1996-жылы туулган Нияз уулу Манастын, 1996-жылы туулган Талантбек уулу Мухамбеттин жана 1998-жылы туулган Акматова Сабинанын окууга тартылышын камсыз кылуу жагы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Ибраимовко сунушталсын.
4. “Улукман” лицейиндеги окуучуларга билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана иш тажрыйбасы жогорку деңгээлдеги мугалимдер менен толуктоолор боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Ибраимов тарабынан чаралар көрүлсүн.
5. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Ибраимов 2011-2012-окуу жылынын жыйынтыгы менен аткарган иштери боюнча маалыматы райондук Кеңештин кезектеги
сессиясында угулсун.
6. Район аймагындагы мектептердеги жана бала-бакчалардагы берилүүчү тамактын сапатын, санитардык тазалыгын такай көзөмөлгө алуу милдети райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчилигине (Сагындыкова Ч.А.) жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы райондук Кеңештин “Билим, маданият, ден-соолук жана социалдык маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын төрайымы Г. Садыровага милдеттендирилсин.
Манас райондук кеңешинин төрагасы |
Ниязалиев М.К. |