Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-ноябры №63
Май айылдык округунун тургундарынын үлүш жерлеринен суу чыккандыгына байланыштуу, айыл тургундарынын жазган кайрылуулары жөнүндө
Май айылдык округунун тургундарынын үлүш жерлеринен суу чыккандыгына байланыштуу, айыл тургундарынын жазган кайрылууларынын негизинде Май айылдык округунун кеңешинин кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айылдык округунун тургундарынын үлүш жана КБФнын жерлеринен жер алдынан суу чыккандыгына байланыштуу, август, сентябрь айларында түзүлгөн актынын негизинде төмөнкүдөй көрсөтүлөт.
- Үлүш жер - 311,3 га, анын жер салыгы -103068 сом
- Соц.фонд-103068 сом
- КБФжер - 79,94 га анын жер салыгы -26460 сом 1
- Соц.фонд - 26460 сом
- Ижара акысы - 46401 сом
- Жалпы аянт - 391,24 га жер салыгы - 129528 сом
- Соц.фонд- 129528 сом
- Ижара акысы - 46401 сом
- Баардыгы: 305457,0 сом
2. Ушул көрсөтүлгөн суу баскан жер аянты 2011-жыл үчүн КРнын салык кодексинин №343 беренесине ылайык жер салыгынан, ижара төлөмүнөн жана социалдык төлөмүнөн бошотулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер адис Ж.Рыскаловго милдеттендирилсин.
Май райондук кеңешинин төрагасы |
К. Осмоналиев |