Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-декабры №64
Май айылдык округунун аймагында жайгашкан сугат жерлери жөнүндө
Май айылдык округунун аймагында жайгашкан сугат жерлеринен жыл сайын суу чыгып жаткандыгына байланыштуу Май айылдык округунун кеңешинин кезектүү сессясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айылдык округунун аймагында 408 гектар сугат жерлеринен жыл сайын суу чыгып жаткандыгына байланыштуу 2012 -жылдагы жер структурасынан пайдаланган жерден пайдаланбаган (саз болуп камыш баскан) жерге киргизилсин.Жер адис Ж.Рыскаловго милдеттендирилсин.
2. 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинен жер боюнча структурасынын негизинде пайдаланбаганын аныкталгандан кийин 408 гектардын салыгы, ижара акысы, соц.фонд төлөмдөрү алынып салынсын Май айылдык округунун ФЭБ башчысыф Д.Нузубалиевага милдеттендирилсин,
3. Ушул токтомду райондук мал.каттоо, салык инспекциясы, каржы бөлүмүнө, соц.фондко берилсин жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Б. Джаналиевага милдеттендирилсин.
Май айылдык кеңешини төрагасы |
К.Осмоналиев. |