Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-декабры №65
Май айылдык аймагынын кеңешинин кайрадан атоо, регламентин кабыл алуу жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Май айылдык округдук кеңешинин уюштуруу документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү менен 2011жылдын 16-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 21, 31 жана 65-беренелеринин негизинде Май айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айылдык округдук кеңеши Май айылдык аймактык кеңеши болуп кайрадан аталсын жана регламенти жаны редакцияда кабыл алынсын. (1-тиркеме)
- Май айылдык аймактык кеңешинин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Талас облусунун Манас районунун: «Май айылдык аймагынын кеңеши»
- расмий.тилде: « Майский аилный.аймакский кенеш». 'Манасского района Таласской области.
2. Май айылдык аймактык кеңеши тийиштүү мамлекеттик органдардан кайра мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Май айылдык аймактык кеңешинин төрагасы Осмоналиев Кенжакмат Керимбаевичке жүктөлсүн.
Кеңештин токтомунда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамтдарда белгиленген учурларда, кеңешти түзү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Май райондук кеңешинин төрагасы |
К. Осмоналиев |