Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-декабры №66
Май айыл өкмөтүнүн кайрадан атоо, Уставын бекитүү жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
Май айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Реснубликасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2011 —жылдын 16-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31 жана 65-беренелеринин негизинде Май айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айылдык округу Талас облусунун Манас районунун Май айылдык аймагынын
« Май айыл өкмөтү» болуп кайрадан аталсын жана Уставы жаны редакцияда бекитилсин. (1-тиркеме)
· Май айыл өкмөтүнүн толук аталышы:
· мамлекеттик тилде: Талас облусунун Манас районунун Май айылдык аймагынын «Май айыл өкмөтү»
· расмий тилде : «Май айыл өкмөтү» Майского айылного аймака Манасского района Таласской области
2. Май айыл өкмөтү тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын Май айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А.Омурзаковго
жүктөлсүн.
Кеңештин токтомунда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, кеңешти түзү маселелелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Май айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Осмоналиев |