Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июну № 36
Айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын уруу башчылар жана көчөлүк он башчылар жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин депутаттык этика, мыйзамдуулук жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиянын иштеп чыккан Жобонун долбоорун карап, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын уруу башчылар жана көчөлүк он башчылар жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталсын жана юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |