Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-ноябры № 79
"Өнөр жай, байланыш, спорт жана жаштар маеелелери боюнча "туруктуу комиссиянын аткарган иштери жөнүндө.
Манас райондук Кенешинин 2 чи сессиясында 25.11.2008 жылы № 8 токтом кабыл алынган ал токтомдо сессияларда коюлуучу маселелерди даярдоо жана түшкөн арыз. өтүнүчтөрдү жеринен кароо максатында 5 туруктуу комиссия түзүлүп, туруктуу комиссияларга баардык депутаттар мүчө болуп киришкен. Өздөрүнүн иш-пландарын бекитишип, аны аткаруунун үстүндө иш алып барууда.
Манас райондук Кеңешинин "Өнөр жай, байланыш, спорт жана жаштар маселелери боюнча" туруктуу комиссиясы өзүнүн аткарган иштерин координациялайт. туруктуу комиссия текшерүү учурунда Манас районундагы өнөр жай боюнча стат башкармалыгынын маалыматынын негизинде 2010- жылдын үчтүн-кулжа айларына карата райондун жеке ишкерлердин өндүрүлгөн продукцияларынын көлөмү боюнча туруктуу комиссия төмөндөгүдөй маалыматка ээ болду:
Ишкананын аталышы | Кулжа айы | Үчтүн-кулжа айларында | |||||
| 2009 жыл (учурдагы колдонуучу баада) | 2010 жыл | %ы | 2009 жыл (учурдагы Колдонуучу баада) | 2010 жыл | %ы | |
Манас району | 346 | 268.0 | 77.4 | 2010.4 | 1932,6 | 96.1 | |
“Алма” | 0.0 | 0.0 | - | 0.0 | 0.0 | - | |
Кичи ишкана боюнча | 1.8 | 2.5 | 138,8 | 124.6 | 16.6 | 13,3 | |
"Ишкер" | 0,0 | 0,0 | - | 0.0 | - | - | |
"Арча" | 1,8 | 2,5 | 138,8 | 124,6 | 16,6 | 13,3 | |
"Достук" | 0,0 | 0,0 | - | 0,0 | - | - | |
"Манас-Күмүштак" | 0.0 | 0,0 | - | 0,0 | - | - | |
"Талас - Таш" | 6.0 | 0.0 | - | 0,0 | - | - | |
"Бакыт” | 0.0 | 0.0 | - | 0,0 | - | - | |
"Кубат" | 0.0 | 0,0 | - | 0.0 | - | - | |
Көмөкчү ишкана боюнча | 30,6 | 23.0 | 75,1 | 215,6 | 265,1 | 122,9 | |
"Биримдик "коомдук фонду | 30,6 | 23,0 | 75,1 | 215,6 | 265,1 | 122,9 | |
Калктын өнөр жай боюмча өндүрүш иштери |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| ||
Энергетика продукциясынын көлөмү |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| ||
Энергетикасыз продукциясынын көлөмү |
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
| ||
Эскертүү: | Элден сатып алынган продукцияны иштетүү | ||||||
Айыл өкмөттөрдүн аталышы | 2009 жыл | 2010 жыл | %ы | ||||
Покровка | 960,0 | 940,6 | 98,0 | ||||
Кайынды | 97 | 62,0 | 63,9 | ||||
Үч-Коргон | 940,0 | 920,0 | 97,8 | ||||
Кыргызстан | 13,0 | 10 | 76,9 | ||||
Май | - | - | - | ||||
Район боюнча | 2010,4 | 1932,6 | 96,1 | ||||
Манас райондук “Кыргыз телеком “бөлүмүнүн 2010-жылдын 6 айда калкка байланыш менен камсыз кылуусун туруктуу комиссия аткарган иштерин жеринен көрүп, танышып төмөндөгүдөй маалымат берет:
Талас областтык "Кыргызтелеком" фмлиалынын Манас райондук бөлүмүндө 5 телефон станциясы. Алардын төртөсүү Арал,.Кызыл-Жылдыз, Май, Көкдөбө айылдарында жана бирөөсү Покровка айылында жайгашкан.
Жалпысынан алганда бул станниялар 1280 номерге эсептелинген, бүгүнкү күнгө район боюнча 993 телефон чекитте иштеп жатат, анын ичинен 138 телефон зымы жок байланыш телефону, 2010-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен калктын телефонго болгон муктаждыгын канааттандыруу максатыңда 28 телефон түйүнү орнотулуп берилген, бирок кайра эле 35 телефон түйүнү акысын өз убагында төлөбөй жаткандыгы үчүн алынып салынган. Ошондой эле интернет байланыш кызматынан 6 айдын жыйынтыгы боюнча 7 абонент кошулуп, тез ылдамдыктагы интернет байланышы менен бүгүнкү күнгө 29 абонент кошулуп .иштеп жатат. Байланыш сапатын жакшыртуу максатында 2010-жылдын биринчи жарым жылдыгында 7.8 км зым, кабель байланыштарын оңдоодон өткөрүлүп,21 карагай коюу каралган болсо, иш жүзүндө 8.98 км зым, кабель байланыштарын оңдоодон өткөрүлүп,21 карагай толугу менен коюлду жана кабыл алынган план 115 пайызга аткарылды. Эл аралык шаар аралык сүйлөшүүлөрдүн саны 6 айдын жыйынтыгы боюнча 13430 түзсө, былтыркы 2009 жылдын 1чи жарым жылдыгында 21369 сүйлөшүү болгон. салыштырмалуу алып карасак сүйлөшүлөр 7931 ге аз жүргүзүлгөн, башкача айтканда 37 пайызга азайгaн. Ушунун негизинде эл аралык жана шаар аралык сүйлөшүүлөрдүн санын көбөйтүү, максатында ушул жылдын июнь айынан баштап IP-телефония байланышы ишке киргизилди.эми биздин абоненттер эл аралык сүйлөшүүлөрдү, күн бою арзан баада жүргүзө алышат.
Ошондой эле телефон коюуга мүмкүнчүлүгү жок жерлерге абоненттердин суроо-талаптары боюнча жаңы стандарттагы CDMA-450 зымы жок байланыш телефондору коюлуп жатат. Мында абоненттер райондун чегиндеги гана номерлерди эмес башка райондордун жана Бишкек, Талас аймактарынын да, телефон номерлерин тандап алса болот жана кааласа өзү тандаган аймактын чөнтөк телефондорун да сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө, ээ болушту.
Манас райондук денe-тарбия жана cпорт бөлүмүнүн 2010-жылдын 8 айда аткарган иштери жөнүндөгү маалымат:
Үчтүн-бирдин айларында райондун волейбол жана футбол боюнча кышкы биринчилиги болуп өттү. Оюундарга 5 айыл өкмөтүнөн волейболдон 6 команда, футболдон 10 команда катышты. Волейбол боюнча 1-орунга Арал командасы,2-орунга Жийде командасы, 3-орунга Чеч-Дөбө командалары ээ болду. Футбол боюнча 1-орунга Покровка командасы ,2-орунга Көк-Дөбө командасы,3-орунга Кызыл-Жылдыз командалары ээ болду.26-31 үчтүн айына чейин 2010- жылы Кыргыз Республикасынын боксту өнүктүрүү борбору Советтер Союзунун баатыры Д.Шопоковдун элесине арналган эл аралык турнирине КР спорт чебери .КР бокс боюнча Д. Шопоковдун турниринин чемпиону (2009). Азия чемпионатында 5-орунга ээ болгон (2009) жана Миланда (Италияда) өткөн дүйнөлүк чемпионатынын катышуучусу О.Малабеков.КР cnopт чебери Кобашев Н, жана жаш спортчу Мукталы уулу С машыктыруучу М.Сакеев барып катышып келип Н.Кобашев 2-орунга, О.Малабеков 2-орунга ээ болушту.
30-31 үчтүн айында Талас шаарында өткөн волейбол боюнча эл аралык ардагерлердин турнири болуп Манас районунун ардагерлери I-орунга татыктуу болуп кайтышты.
19-23 бирдин айында 2010-жылы Бишкек шаарында Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргыз Республикасынын бокс боюнча чемпионатында жаш спортчулар катышып О.Малабеков 2-орунга ээ болуп балуу сыйлыктардын ээси болду. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча чемпионаты өтүп Акматов Сагын 100кг салмактан жогоруга күрөшүп 1-орунду ээлеп КР спорт чебери наамын алды. Коомдук саясий ишмер Чыңгыз Айтматовдун 80-жылдыгына арналган улуттук күрөш боюнча эл аралык мелдеш 23-26 бирдин айында Бишкек шаарынын цирк имаратында болуп өтүп Манас районунун спортчулары катышып 60кг салмактан Ажыбеков Рыспек 2-орунду ээледи.
25-26 бирдин айында 2010- жылы Кыргыз Республикасынын женил атлетика боюнча кышкы чемпионатынын биринчилиги болуп, Жийде айылынан жөө күлүк Жумаков Минур катышып келген.
Бишкек шаарында С Жуманазаровдун элесине арналган 3 чакырымдык жана Талас шаарында өткөрүлгөн А.Ибраимовдун ысымындагы 6 чакырымдык жарышты 1-орунду ээлеп, чемпиондук наамды жеңип алган.
21- март улуттук майрамыбыз болгон "Нооруз"күнү спорттун түрлөрү боюнча райондук масштабда мелдештер өткөрүлүп элдин майрамдык маанайын көтөрдү. Чын куран айында "Дени сак улут-гүлдөгөн өлкө"деген ураан аддында валейбол, футбол, кыргыз күрөш. ордо, армреслинг, женил атлетика боюнча айыл жаштар арасында мелдеши болуп районубуздун 5 айыл округунан 150дөн aшык спортчулар катышып жеңген командаларга жана спортчуларга диплом жана баалу сыйлыктар тапшырылды.
8-бугу.айында Уч-Kopгон айыл округуна караштуу Кызыл-Жылдыз айлында демөөрчүлөрдүн жардамы менен күрөш жана атлетика залы, ачылу аземине Бишкек шаарынан футбол боюнча бир команда жана айыл округунан 5 команда катышып 1-орунга Кызыл-Жылдыз, 2-орунга Покровка, З-орунга Май командалары ээ болушуп баалуу белектерди алышты.Бугу айында көк-бөрү боюнча Талас облусттук Р. Алканов атындагы импподромдо 9-бугу Улуу жеңиштин 65 жылдык маарекесине арналган улуттук спорттун түрлөрү көк-бөрү, оодарыш. аламан байге, кунан чабыш, тай чабыш. жорго салыш. тыйын эңмей.жана кыз куумай боюнча жылдык маарекесине арналган мелдеште Манас районунун командасы 4-орунга ээ болушту.15-16 бугу айында Бакай-Ата районунда "Дени сак улут-гулдөгөн өлкө" деген ураандын алдында айыл жаштарынын облусттук мелдеши болуп өттү. Районубуздан спорттун 9 түрүнөн 76 спортчу катышып келди.
Куджа айында мугалимдер арасында стрипбол боюнча облусттук мелдеш Кара-Буура айылында өткөрүлүп республикалык спортакиядага Чолпрн-Ата шаарына жолдомо алышты. Айыл жаштарын спортко тартуу боюнча районубузда айыл округтарынын демөөрчүлөрдүн жардамы менен ай-сайын футбол боюнча айылдар арасында оюндарды уюштуруп турат. Манас районунда дене-тарбия. ден-соолукту чыңдоочу. спорттук массалык иш-чаралар мелдештер. спортакиядалар.турнирлер ж.б. спортту өнүктүрүүгө байланышкан иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.Талас облусунда 21 баш оона айында 31 баш оона айында Кыргыз Республикасынын эгемендүү күнүнө карата алдын-ала облустун райондук администрация арасында спорттук мелдештер болуп өттү мелдеште кичи футбол боюнча 2-орунга, волейболдон 3-opyнга.тенистен эркек арасындa I -орунду aлca ал эми кыз келиндер арасында 6-орунга ээ болушту, кыз келиндер арасында волейбол боюнча 2-орун, шахматтан 1-орун.кыз келиндер дагы 1-орунду алышты жалпы команда боюнча Манас району 2-орунду ээледи.Ошондой эле спорт аянтчасын, чуркоо жолдорун, футбол аянтын. спорт залдарды тартипке келтирүү максатында айыл өкмөттүн жардамы менен аянтчаларды оңдоп түздөө иштери жүрүп жатат. Районубуздун курама командалары облустук, ресиубликалык мелдештерге катышыл келүүдө. 31 баш оона айында Кыргыз Республикасынын Эгемендүү күнүнө карата төмөндөгүдөй спорт оюндар өткөрүлүп, татыктуу орундарга районубуздун cпортчулары ээ болушту.
Жаштар маселеси боюнча: Манас районунда үстүбүздөгү жылдын 6- айында жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча бир топ иштер аткарылды.
2010-жылдын 14-февралында райондук борборлоштурулган китепканада райондук маданият кызматкерлери менен бирдикте "Жүрөктү жүрөк тандасын" темасында Покровка орто мектебинин жогорку класстары менен кече уюштурулган. Андан кийин "Элдин жердин ишенимин актаган, Жоокерлер бар тоо бүркүттөй тапталган*' темада райондун аймагындагы Афган жана Баткен согушунун ардагерлери. Покровка орто мектебинин окуучулары менен жолугушуу өткөрүлдү.
Мындан тышкары райондук спорт комитети менен бирдикте райондун аймагында айылдык спортчулардын мелдеш алдында жаштардын концерти болгон. "Нооруз”' майрамын өткөрүүдө атайын райондон чыккан республикадагы жаш таланттар Абылкасымова Бермет. Абылкасымова Сайкал чакырылып элге жаш өнөрпоздордун концерти тартууланган.Мындан тышкары 1-9 буту айындагы майрам күндөрү жогорку класстын окуучулары менен бирдикте райондо маданият үйүнүн жаш таланттары өз концерттерин эл алдында алып чыгышкан. Азыркы учурда айыл округундагы клуб башчылары менен бирдикте "Ырдайлы кыргыз ырларын" темасында кыргыз тили майрамында республикада өтүүчү конкурска катышууга жаштардын арасында өнөрпоздор тандалууда.
Уч-Kopгон айыл округунда 20-чын куранда жаштар арасында жыйын өткөрүлүп "Ынтымак жаштар уюму түзүлгөн". Уюмдун лидери болуп Эргешбай кызы Бурул дайындалган. 7-чын куранда болуп өткөн элдик революцияда курман болгон баатырларыбызга кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү. Жаштар уюму өздөрүнүн аткарылган иштери боюнча "Жаштар биздин келечегибиз" деген темада стенд уюштурушкан 19-бугуда Манас райондук мамлекеттик администрация башчысынын демилгеси менен ар бир айыл округтарда жаштар маселесин кароо жана райондук жаштар уюмунун лидерин шайлоо боюнча жыйын болуп өттү.
Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы жаштарга азыркы абал жана жургүзүлүп жаткан иштер боюнча кыскача маалымат берди. Ар- бир айыл окрутунан келген жаштар өздөрүнүн ойлорун айтышып бардык жаштар бир добуштан Базакечов Тынарды райондук жаштар лидерине татыктуу деп шайлап алышты.Ар бир айыл округдарында жана ар бир айылдарда жаштар менен бирдикте иш алып баруу жана жаштар лидерин шайлоо боюнча жыйындар өткөрүлүп лидерлери шайланып протоколдору алынган.
12 кулжа күнү Манас райондук мамлекеттик администрациясынын чоц залында жаштар форуму өткөрүлдү.Форумга Манас райондук мамлекеттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу А.Маматов, Манас райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Т.Джолдошева, Кыргыз эл акыны А.Өмүрканов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артиси А.Сапаралиев, Кыргыз Республикасынын Маданият министринин милдетин аткаруучу Р.Момбеков. Маданият министрлигинин маданий борборунун директири Р.Боронбаев, Конституциялык кеңештин мүчөсү А.Саралиева, Манас райондук жаштар уюмунун лидери Г.Базакечов жана райондун жетекчилери катышты, жалпы жаштардын саны 250. Кун тартибинде коюлган маселе, жаштар уюмунун 2010-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата иш - чарасын бекитүү, Талас облусттук жаштар форумуна 20 делегат шайлоо, 2010 - жылдын 27 кулжада өткөрүлө турган Референдумдун толук кандуу жүрүшүнө чакыруу.
Ар кандай маселелер боюнча ар - бир айылдан келген жаштар райондук мекеме уюмдардын жетекчилерине ар кандай суроолорду беришип, жоопторуна канааттанышты. Референдум боюнча талкуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.Райондук Кеңештин "Өнөр жай.байланыш.спорт жана жаштар маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын аткарган иштери тууралуу маалыматты угуп, талкуудан Манас райондук Кеңеши токтом кылат:
1. Райондук Кеңештин "Өнөр жай, байланыш, спорт жана жаштар маселелери боюнча" туруктуу комиссиянын аткарган иштери белгиленсин.
2. Райондук Кеңештин "Өнөр жай, байланыш, спорт жана жаштар маселелери боюнча" туруктуу комиссиясына (Р.Осмонбековко, М.Ниязалиевке,С.Көлбаевке) комиссиянын ишин жакшыртуу, сессияга каралуучу маселелердин иш кагаздарын. материладарын өз убагында тапшыруу жагы милдеттендирилсин.
3. Райондук Кеңештин туруктуу комиссияларына (С.Отунчиевке. Ж.Отунчиевке. С Маматаевке. Г. Садыровага, Р.Осмонбековко) сессияга каралуучу маселелерди өз убагында аткаруу жана комиссиянын ишин натыйжалуу алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы райондук Кеңештин башкы адиси З.Бүркүтбаевке милдеттендирилсин.
Манас райондук Кеңешинин төрагасы |
Кузебаев Е.Т. |