Редакцияот 23.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Теплоключенка айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 23-декабры № 81

2017-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору жөнүндө

Айыл өкмөтү унуштап жаткан жергиликтүү бюджеттин 2017-жылга карата долбоорун карап чыгып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Теплоключенка айыл аймагынын бюджетинин 2017-жылга карата долбоору (киреше жана чыгаша бөлүктөрү) 24489.0 сом өлчөмүндө коомдук бюджеттик угууларга коюлсун.

2. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы – айылдык кеңешке жүктөлсүн.

 

Төрага

К.С. Джаныбеков