Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 33-сессиясы
2017-жылдын 22-апрели № 33-2
Көчөгө ат коюу тууралуу
Борбаш айылындагы аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү, Борбаш айылынын жашоочуларынын 2016-жылдын 22-апрелиндеги мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын №4 протоколун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбаш айылынын жашоочуларынын кайрылуусуна негиз, 2016-жылдын 22-апрелиндеги мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын №4 протоколуну колдоого алынсын.
2. Борбаш айылындагы көчөгө, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Абдразаков Амирдин атын коюуга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |