Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 33-сессиясы
2017-жылдын 22-апрели № 33-4
Көк-Жар "Абшыр -Таң" СПАнын 2016- жылга карата түзгөн бюджетин бекитүү тууралуу
Көк-Жар айылдык кеңешинин сессиясында айтылган ой-пикир сунуштарды угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын сугат суу жөнүндөгү кодексине ылайык, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар "Абшыр -Таң" СПАнын 2016-жылга карата түзгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 185 000 (бир жүз сексен беш миң) сом болуп бекитилсин.
2. 2016-жылга карата кабыл алынган бюджеттин аткарылышында максаттуу пайдалануу жагы, Көк-Жар "Абшыр -Таң" СПАнын төрагасы Р.Джороев милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |