Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 33-сессиясы
2017-жылдын 22-апрели № 33-8
Мектеп окуучулары арасында мыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Мектеп окуучулары арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборунун Мыйзамдарына ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп окуучулары арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча жөнүндө айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Маматалиевдин билдирүү жактырылсын.
2. Интернет кулубдардын иштөө убактысы
- окуучулар үчүн кечки саат 6:00гө чейин
- чоңдор үчүн кечки саат 10:00гө чейин деп белгиленсин.
3. Дүкөндөрдө спирттик ичимдиктери саат 9:00гө чейин гана сатылсын.
4. Кечки кафелерде, тойканаларда окуучулардын иштөөсүнө тыюуу салынсын
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |