Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезектеги V чакырылышынын 34-сессиясы
2017-жылдын 26-майы № 34-2
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептоо палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн. Аудиттик текшерүү айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өсүшү жана жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча болуп өттү.
Айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин тууралыгын, мыйзамдуулугун жана нормативдик укуктук актыларга негизделгендигин аудиттик текшерүүдөн өткөргөндө Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы № 78 "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү" мыйзамына таянып иш жүргүзүлгөндөгү белгиленген. Аудиттин жүрүшүндө жалпы айыл өкмөт боюнча 125,8 мин сомдук финансалык тартип бузуулар аныкталган, анын ичинде максатсыз чыгымдалган каражаттар 1,6 мин сом, курулуш-мантаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатылган сумма 34,2 мин сомго, акы көрсөтүлгөн иштер үчүн социалдык фондго 34,9 мин сом жана кайра бөлүштүрүү фондун жеринен 25,1 мин сом, подоход салыгына 30,0 мин сом кармалбаган.
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2014-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы жетишпестиктерди карап чыгып, экономика,бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 20-майындагы №5 протоколунун чечимине негиз, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" жөнүндөгү мыйзамына ылайык Көк-Жар айылдык Кеңештин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин киреше жана чыгаша тарабын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана нормативдик укуктук актыларына негиздеп түзүп, бюджеттин эффективдүү жана үнөмдүү пайдаланышын камсыз кылуу үчүн бекитилген методикалык көрсөтмөлөр менен иш алып барууда финансалык тартип бузууларга жол бергендиги эске алынсын.
2. Төмөндөгү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери финансылык катачылыктарды тез аранын ичинде четтетүүнүн үстүндө иш алып баруу жана кетирилген кемчилдиктери үчүн Финансы экономикалык бышчысы Салиев Абдилла Абылкасымовичке сөгүш жана киреше жана чыгаша боюнча адиси Жээнтаев Куштарали Абдиманнаповичке эскертүү берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
3. Айыл өкмөтүнүн финансы кызматкерлери Салиев Абдилла Абылкасымович жана Жээнтаев Куштарали Абдиманнапович, аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы киреше салыктын эсебине кошумча эсептелинген 30,0 мин сомду, соц.фондго кошумча чегерүү 60,0 мин сомду, курулуш-мантаждоо иштеринин көлөмүнүн баасын жогорулатылган сумма 34,2 мин сомду өндүрүүнү, максатсыз чыгымдалган каражаттар 1,6 мин сомду 2016-жылдын бюджеттинин эсебинен кыскартууну жана түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдөн келишимдер менен жүргүзүлгөн жумуштардын эсеп кысабын көзөмөлгө алышсын жана мындан ары кошумча эсептөөлөргө жол бербөө боюнча иш-чараларды жүргүзүшсүн.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысы,финансы экономика бөлүмүнүн башчысы жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы бюджеттик мекемелердин жетекчилерине:
- бюджеттик каражаттарды максаттуу жана эффективдүү пайдалануу;
- эмгек акыларды эсептөөнү нормативдик актыларга жана тарификацияны негиздеп эсептөө жана тарификацияны туура түзүү;
- кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысынан болгон дебитордук карыздарды өз убагында өндүрүү, ижарага берилбей калган жерлерди ижарага берүү боюнча иш-чара иштеп чыгуу;
- жогорудагы текшерүүнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу менен бирге, мындан кийин финансалык катачылыктарга жол бербөөнүн үстүндө иш алып баруу жана аткарылган иштердин жыйынтыгын райондук финансы бөлүмүнө маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бухгалтериялык эсептин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылыдын 16-майындагы №224 "бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсеп уюштуруу боюнча" жобого негиз жаңы план счет менен баланс түзүүнү милдеттендирилсин. Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгындагы көрсөтүлгөн дебитордук карыздардын бухгалтедик баланс отчетторуна кошулбаган суммаларды кошуп отчет түзүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика,бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияснын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |