Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 35-сессиясы
2017-жылдын 6-июлу № 35-2
Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылына балдар бакчасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылына балдар бакчасын ачуу жөнүндөгү айыл тургундарынын 2016-жылдын 18-майындагы чогулушунун чечиминин негизинде туруктуу комиссиянын чечими менен таанышып, айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагына караштуу Жийде айылына балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаңыдан ачылган балдар бакчасынын юридикалык каттоодон өткөрүү, имараттын ээси менен келишим түзүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Балдар бакчасын акча менен каржылоо боюнча республикалык бюджеттин эсебине киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |