Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 37-сессиясы
2017-жылдын 8-августу № 37-1
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишим тууралуу
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Козуевдин Кыргыз Республикасынын Конституциясын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу жөнүндөгү берген маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик статистика органы менен Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилип берилсин.
2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алуу тууралуу келишимде көрсөтүлгөн шарттарды мыйзам чегинде аткаруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |