Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын 39-сессиясы
2017-жылдын 22-сентябры № 39-1
Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылына балдар бакчасын ачуу жөнүндөгү айыл тургундарынын 2016-жылдын 28-июлундагы чогулушунун №2 протоколунун негизинде туруктуу комиссиянын чечими менен таанышып, айылдык кеңештин сессиясында угуп жана талкуулап, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагына караштуу Жийде айылына муниципалдык "Мадина" балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2. Жаңыдан ачылган балдар бакчасынын тамак-ашынын каражатына, электр энергиясына жана сураныч катында көрсөтүлгөн зарыл болгон керектөөлөрүнө айлыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча булактардан түшкөн акча каражатынын эсебинен акча каражаты ажыратып берүүгө макулдук берилсин жана бул иш-чараны мыйзам чегинде жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын..
3. Балдар бакчасын акча менен каржылоо боюнча республикалык бюджеттин эсебине киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Туманов |