Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-январы № 1
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо жана айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылдык Кеңешинин төрагасына Абдырахманов Алмазбек Сапарбекович шайлансын.
2. Ак-Муз айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарына Мокешов Уланбек Абдыкапарович шайлансын.
3. Ак-Муз айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн.
Финансы жана экономика тармагы:
Төрагасы: Жусумамбетов А. К.
Катчысы: Айыпов А. Ж.
Мүчөсү: Календеров А. Ж.
Жер жана турак жай тармагы:
Төрагасы: Касканов Э. А.
Катчысы: Турдубаев К. Ж.
Мүчөсү: Абдылдаев Б. Б.
Закондуулук жана социалдык тармагы:
Төрагасы: Мамырбаев Б. И.
Катчысы: Төлөмүшов А. Т.
Мүчөсү: Шамуратов Н. К.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы А. Абдырахмановго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |