Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын 3- сессиясы
2017-жылдын 27-январы № 3
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын мыйзамда белгиленген көпчүлүк добушка ээ болгон Капатов Азатбек Касымбаевич Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына шайланганы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндө Жобого ылайык өттү деп табылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укукттук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы А. Абдырахмановго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |