ТоктомКүчүндө

Бердике Баатыр айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 23/1 «68-контурдагы 10 га кайракы жер участогун берүү жөнүндө» токтому

Редакция28.02.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бердике Баатыр айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектүү 3-сессиясы

 

2016-жылдын 10-февралы № 23/1

68-контурдагы 10 га кайракы жер участогун берүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас райондук мамлекеттик администрациянын 30.12.1998-жыл № 218 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-беренесинин 2-пунктун негизинде Алыкулов Муктарбекке 68 контурундагы 5 га жерди өздөштүрүп айдоо сугат жерге айландыргандыгына байланыштуу, жеке менчигине бекитилип берилсин.

2. 68 контурдагы 5 га жер Кум-Арык айылынын жашоочуларына уй жайыт катары болунуп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Алымбеков