Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-майы № 27/3
Кочкор айылынын И.Өмүров көчөсүндөгү көп батирлүү №28-турак-жайдын менчик элеринин шериктештиги боюнча 2016-жылдын 18-апрелиндеги №124-буйругун бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-апрелиндеги №124-буйругун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылынын И.Өмүров көчөсүндөгү көп батирлүү №28-турак-жайдын менчик элеринин шериктештиги боюнча 2016-жылдын 18-апрелиндеги №124-буйругу бекитилсин.
2. Кочкор айылынын И.Өмүров көчөсүндөгү көп батирлүү №28-турак-жайдагы турак-жайлардын жана турак-жай эмес жайлардын менчик ээлеринин «Жылуу үй-28» шериктештиги түзүлсүн жана уставы бекитилсин.
3. «Жылуу үй-28» шеритештиги жана уставы боюнча иш алып баруу И.Өмүров көчөсүндөгү көп батирлүү №28-турак-жайдын менчик ээлерине тапшырылсын.
Төрага | А. Аситов |