Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-майы № 27/4
Большевик айылындагы И-Наристе бала бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Кочкор айыл аймагына караштуу Большевик айылынын “Наристе-И” бала бакчасынын башчысы жана айылдык кенештин депутаты Токторбаева Ишенбүбүнүн сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагына караштуу Большевик айылынын “Наристе-И” бала бакчасына кошумча тайпа ачылсын.
2. Ачылган кошумча тайпанын тийиштүү документтерин Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн бүткөрүү «Наристе-И» бала бакчасынын башчысы И.Токторбаевага тапшырылсын.
3. Кошумча тайпаны жетиштүү инвентарлар менен камсыз болуусуна жана бардык шартына көзөмөл жүргүзүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Аситов |