Редакцияот 11.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 27- сессиясы

 

2016-жылдын 11-майы № 27/5

Социалдык жөлөкпулдардын берилишин териштирүү боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

Кочкор айыл аймагында аз камсыз болгон үй бүлөлөргө социалдык жөлөкпулдардын берилишин аныктоо боюнча Кочкор айылдык кенешинин депутаты Идирисов Асанкулдун сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Кочкор айыл аймагында аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн социалдык жөлөкпулдардын берилишин аныктоо максатында төмөндөгүдөй курамда 5 депутаттан убактылуу комиссия түзүлсүн:

1. Идирисов Асанкул- комиссиянын төрагасы, айылдык кенештин депутаты

Комиссиянын мүчөлөрү:

2. Балкыбеков Тилек Жеткинчекович - айылдык кенештин депутаты

3. Каирова Бурул Моноловна- айылдык кенештин депутаты

4. Токторбаева Ишенбүбү -айылдык кенештин депутаты

5. Шабданалиев Эрнис Мусакеевич-айылдык кенештин депутаты

2. Кочкор айыл аймагында аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн социалдык жөлөкпулдарды берүү тартибинин сакталышын аныктап, жарандардын муктаждыктарын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү Кочкор айыл өкмөтүнүн социалдык женилдиктерди берүү комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

А. Аситов