Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-майы № 27/6
Теңдик жана Большевик айылдарынын калкты таза суу менен тейлөөдө суу акыларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын Тендик айылындагы СООППВ « Теңдик -Мырза » жана Большевик айылындагы ИСКАКБ «Алтын Булак Касымгелди »коомдукбирикмелеринин 2016-жылга карата калктан жана айылдагы бюджеттик мекемелерден суу үчүн алынуучу акынын тарифин бекитип берүү жөнүндө кайрылууларын карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагынын Тендик айылындагы СООППВ « Теңдик -Мырза » жана Большевик айылындагы ИСКАКБ «Алтын БулакКасымгелди »коомдук бирикмелеринин 2016-жылга карата калктан жана айылдагы бюджеттик мекемелерден суу үчүн алынуучу акынын тарифтери бекитилсин.
Кардарлар | Өлчөө бирдиги | Баасы (сом)
|
Бюджеттик мекемелер Жеке ишкер | 1м/куб 1м/куб | 12-00 12-00 |
Калк үчүн | 1м/куб | 4-94 |
Анын ичинен: Көчөдөгү колонкадан суу алгандарга | Бир адамга 1 айга Бир адамга 1 жылга | 10-04 120-54 |
Короосунан суу алгандарга | Бир адамга 1 айга Бир адамга 1 жылга | 15-06 180-84 |
Канализациялуу үйлөргө | Бир адамга 1 айга Бир адамга 1 жылга | 18-00 216-00 |
Мончосу бар үйлөрдөн | 1 мончодон 1 айга 1 мончодон 1 жылга | 250-00 3000-00 |
Суу туташтыруу акысы (подключение) | 1 абоненттен 1 жолу | 1300-00 |
3.Ичүүчү суу менен бакчаларды, огороддорду сугарууга тыюу жана тартип бузгандарга 1м/ секунда кошуп алган трубанын тура кесилиш аянтына кеткен сууну 24 саатка көбөйтүп кубуна 10 сомдон канча күн кошулса ошол күнгө көбөйтүлүп айып салынары , суу киргизилген трубасы кесилери жашоочуларга СООППВ « Теңдик -Мырза » жана ИСКАКБ « Алтын-БулакКасымгелди» бирикмелери тарабынан эскертилсин.
4. 2016-жылга карата калктан жана айылдагы бюджеттик мекемелерден суу үчүн алынуучу акыларды убагында чогултуп, мыйзамга ылайык иш жүргүзүү СООППВ « Теңдик -Мырза » жана ИСКАКБ « Алтын-Булак Касымгелди» бирикмелеринин башчылары А.Шаршенбаевге жана К.Жапаровго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Аситов |