Редакцияот 11.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 27- сессиясы

 

2016-жылдын 11-майы № 27/7

Калктын таза суу менен камсыз кылып жаткан бирикмелердин иштерин текшерүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө

Калкты таза суу менен камсыз кылып жаткан бирикмелеринин иш алып баруулары боюнча комиссия түзүү максатында «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айыл аймагынын элинин таза сууга болгон көйгөйлөрү боюнча калкты таза суу менен камсыз кылып жаткан бирикмелердин иш алып барууларын текшерүү боюнча төмөндөгүдөй курамда 5 депутаттан турган убактылуу комиссия түзүлсүн:

1. Табалдиев Зарылбек- комиссиянын төрагасы, айылдык кеңештин депутаты

 Комиссиянын мүчөлөрү:

2. Аситов Алмас Төлөкөвич- айылдык кеңештин депутаты

3. Асакеев Канатбек Муктарбекович- айылдык кеңештин депутаты

4. Балкыбеков Тилек Жеткинчекович-айылдык кеңештин депутаты

5. Кадыркулов Эшмуканбет- айылдык кеңештин депутаты

2. Таза суу менен камсыз кылуу, суулардын себепсиз узак убакытка токтоосун алдын алуу жана суу акылардын өз убагында чогултуп мыйзамдуу пайдалануу таза суу башчылары О.Болотовго, К.Жапаровго жана А.Шаршенбаевге тапшырылсын.

Төрага

А. Аситов