Редакцияот 11.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 27- сессиясы

 

2016-жылдын 11-майы № 27/9

Султанов Советбекке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Кочкор айылынын жашоочусу ардагер Султанов Советбекке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча тиешелүү документтерин карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36- беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айылынын жашоочусу ардагер Султанов Советбекке Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2. Тиешелүү күбөлүк берүү Кочкор айылдык Кеңешинин төрагасы А.Т.Аситовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Аситов