Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-майы № 27/11
Кочкор айыл өкмөтүнүн Кочкор айыл аймагы боюнча жеке ветеринарлардын акы төлөтүп кызмат көрсөтүүсүнүн акылары боюнча 2016-жылдын 5-апрелиндеги №104-буйругун бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагы боюнча жеке ветеринарлардын акы төлөтүп кызмат көрсөтүүсүнүн акыларын бекитип берүүсүн сураган айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспекторунун кайрылуусун жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн акыларынын эсебин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн Кочкор айыл аймагы боюнча жеке ветеринарлардын акы төлөтүп кызмат көрсөтүүсүнүн акылары боюнча 2016-жылдын 5-апрелиндеги №104-буйругу бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М. Исраиловго жана ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акыларды прейскурантка гана ылайык алуу ветсервистердин башчыларына , жеке ветеринардык врачтарга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Аситов |