КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 27- сессиясы
2016-жылдын 11-майы № 27/12
Коомдук алдын-алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагынын 2016-жылдын 29-февралындагы “Коомдук алдын-алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө” №71-буйругун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 29 -февралындагы “Коомдук алдын-алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” №71-буйругу бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М. Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Аситов |