Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-майы № 27/13
Кочкор айыл аймагындагы адам өмүрүнө коркунуч келтирген бак-дарактардыкыркуу жөнүндө
Кочкор айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын , мектептердин жана парктардын ичиндеги адам өмүрүнө коркунуч келтирген бак-дарактарды кыркуу боюнча М.З.Астрахановдун сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын , мектептердин жана парктардын ичиндеги адам өмүрүнө коркунуч келтирген бак-дарактардын бутактары декартивдүү түрдө буталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышына жана бак-дарактардын мыйзамдуу кыркылышына көзөмөл жүргүзүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М. Исраиловго, “Сейил” гүл бакчасынын директору Н.Т.Абдыкалыковго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Аситов |