КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 29- сессиясы
2016-жылдын 4-августу № 29/2
Кочкор айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын сунуштоо жөнүндө
Кочкор, Тендик, Большевик айылдарындагы шайлоо участокторунун аймактарында шайлоочулардын жашаган жерлери боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун карап, Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексинин 5-главасынын 19-беренесинин негизинде, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл аймагында №4133- Кочкор, №4134-Кара-Коо, №4135-ЖТИ, №4136-И.Арабаев, №4137-Калыгул Бай уулу, №4138-Тендик, №4139- Үкөк шайлоо комиссияларынын курамына мүчөлүккө талапкерлерди көрсөтүшкөн тиешелүү участокторунун аймактарында шайлоочулардын жашаган жерлери боюнча өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдору бекитилсин.
2. Кочкор айыл аймагында №4133- Кочкор, №4134-Кара-Коо, №4135-ЖТИ, №4136-И.Арабаев, №4137-Калыгул Бай уулу, №4138-Тендик, №4139- Үкөк шайлоо комиссияларынын курамдары бекитилсин.
3. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлерди бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | А. Аситов |