КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 29- сессиясы
2016-жылдын 4-августу № 29/3
Кыргызбаев Дуйшембекти Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасына эмгек синирген кызматкери наамына ”көрсөтүүгө сунуш кылуу жөнүндө
Кыргызбаев Дуйшембек 1966-жылы Кочкор райондук суу чарба башкармасында техник болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.1967-1972-жылдары К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктап, Жумгал райондук суу чарба башкармасында катардагы инженер, бөлүм башчы болуп эмгектенген.1974-1976-жылдары ошол эле аймакта башкы инженер болуп иштеп, 1978-2013-жылдары Кочкор райондук суу чарба башкармасында начальник кызматын аркалап, ардактуу эс алууга чыккан.
47 жылдык үзгүлтүксүз эмгек жолунда жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргыз ССР “Мелиорация жана суу чарба” Министирлигинин, Кыргыз Республикасынын “Айыл суу чарба жана кайра иштетүү Министирлигинин “Ардак грамоталары” менен сыйланган.Бир нече жолу “Социалисттик мелдештин женүүчүсү”төш белгилерин алган.1989-жылы СССР Суу чарба Министирлигинин отличниги, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Суу чарбасынын отличниги наамын алган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” менен сыйланган. Кочкор айылынын жана Нарын облусунун “Ардактуу атуулу”. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын “Ардактуу аксакалы” орденин ээси.
Кочкор райондук суу чарба башкармасынын эмгек жамаатынын жана профсоюз комитетинин 2016-жылдын 27-июлундагы Кыргызбаев Дуйшембекти Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасына эмгек синирген кызматкер” наамына көрсөтүү жөнүндөгү жалпы чогулушунун №5-протоколун жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор райондук суу чарба башкармасынын эмгек жамаатынын жана профсоюз комитетинин 2016-жылдын 27-июлундагы Кыргызбаев Дуйшембекти Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасына эмгек синирген кызматкер” наамына көрсөтүү жөнүндөгү жалпы чогулушунун №5-протоколу бекитилсин.
2. Кыргызбаев Дуйшембекти Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасына эмгек синирген кызматкер” наамына көрсөтүү сунуш кылынсын.
Төрага | А. Аситов |