Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-ноябры №76
«Агрардык, жаратылышты жана экологияны коргоо маселелери боюнча» туруктуу комиссиянын аткарган иштери жөнүндө
Манас райондук Кеңешинин кезектеги 2-чи сессиясында 25.11.2008-жылы №8 токтом кабыл алынган, ал токтомдо сессияларда коюлуучу маселелерди даярдоо түшкөн арыз, өтүнүчтөрдү жеринен кароо максатында 5 туруктуу комиссия түзүлүп, туруктуу комиссиларга баардык депутаттар мүчө болуп киришкен. Өздөрүнүн иш-пландарын бекитишип, аны аткаруунун үстүндө иш алып барууда.
Манас райондук Кеңешинин “Агрардык, жаратылышты жана экологияны коргоо маселелери боюнча” туруктуу комиссиясы 2008-2010 жыл аралыгында өзүнүн бир топ аткарган иштерин белгилеп жана төмөндөгүдөй маалымдайт:
Үч-Коргон айыл округундагы Кеңеш айылы чектешкен Казахстан республикасынын Жамбул облусу менен эки элдин ортосундагы соода сатыкты жакшыртуу максатында , Үч-Коргон айылдык Кеңешинин 4.04.2009-жылдыгы №7 жана айылдык округунун 6.04.2009-жылдагы 50 га жайыт жерди чектеш эки мамлекетти кызыкчылыгы үчүн кызматташтык соода борборун курууга Үч-Коргон айыл округунун №4,№5 контурундагы 50га жайыт аянты өндүрүштүк категорияга которууга жана Кеңеш айылынын жашоочуларынын жайыт боюнча суроосун канаттандыруу максатында. Үч-Коргон айылдык Кеңешинин 04.04.2009-жылкы №8, айыл округунун 06.04.2009-жылы №50 “КБФ жеринен 50га жер аянтын жайыт жерге которуу боюнча” токтомдорун туруктуу комиссия жеринен карап чыгып райондук Кеңештин 4 чү кезексиз 06.04.2009-жылкы сессиясында №27, №28 токтому менен депутаттар тарабынан кабыл алынган.
Үч-Коргон айыл округундагы айыл чарба багытындагы жерлердин натыйжалуу пайдаланышын,туруктуу комиссиясы текшеришип өздөрүнүн пикирин, сунуштарын айтышып райондук Кеңештин кезектеги 15.06.2009-жылы болуп өткөн 5чи сессиясында №31 токтомуна төмөндөгү сунуштар.
1.Айыл өкмөтүндөгү иштеген жер адисин квалификациясын жогорулатуу.
2.Айыл өкмөтүндөгү жердин картасынын контурун жаңыртуу.
3.Трансформацияга берилген материалдар тийиштүү мекемеден тез арада бүтүрүү жагы.
4.Жер пайдалануу маселесин мезгил-мезгил менен кезектеги райондук Кеңештин сессияларында карап чыгуу.
Жогорудагы сунуштар бир добуштан кабыл алынган.
Ушул эле сессияда райондун сугат башкармалыгынын жана СПА лардын жазгы сугат иштерине даярдыгын жана жүрүшүн туруктуу комиссиясы карап чыгышкан райондук Кеңештин депутаттары №32 токтомун алымча-кошумча менен кабыл алынган.
Районубуздун борборундагы мал базарын иштөөсүн ишемби күндөн, жума күнгө жылдыруу жарандардын өтүнүчүн, айыл өкмөттөрдүн протоколдорун карап көрүп райондук Кеңештин 15.06.2009 жылкы кезектеги 5чи сесиясында №36 токтому менен №25 токтомуна өзгөртүү киргизип кабыл алынган себеби, районубуздун соодагерлерине ыңгайлуу шарт түзүү үчүн. Токтомдун аткарылышы туруктуу комиссиянын көзөмөлүндө.
25.09.2009-жылы райондук Кеңештин кезектеги 6 чы сессиясына туруктуу комиссиясы, “райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына текшерүүнү жүргүзгөн” “Айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана сатуу иштеринин жүрүшү боюнча” агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы жөнүндө №39 токтомун, протоколдуу сунуштар менен кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18 беренесине 3 пунктун административдик аймактык түзүш боюча туруктуу комиссиясы катышып кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институтунун өкүлдөрүү менен биргеликте районубуздун айыл округтарын чектерин бекитишкен. Бекитилген чектер райондук Кеңештин кезетеги 7чи сессиясында №49 токтом 15.12.2009-жылы кабыл алынган депуттардын макулдугу менен.
2010-жылдын бугу айынын туруктуу комиссия өзүнүн мүчөлөрү менен Манас райондук токой чарбасынын ишмердүлүгүнө текшерүү ишин жүргүзөт.
Чарбада өтө тартип бузуулар байкалып мыйзамсыз бак-дарактар кыйылып кеткенине күбөө болушат райондук Кеңештин кезектеги 9чу сессиясында бир топ сын-пикир менен чарбанын башчысынын ишмердүүлүүгүн канаттандырарлык эмес деп 31.05.2010-жылы №60 токтому кабыл алынган.
Кабыл алынган токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине райондук токой чарбасынын жетекчиси Э. Исмаиловду ээлеген кызматынан бошотуу үчүн жиберилген.Натыйжада мамагентиктин 7 июнь 2010-жылдагы өткөн коллегиясындагы, ошондой эле 2010-жылдын 9 июнунда Талас облустук администрациясынын башчысы губернатор К.Курманалиеванын кийлигүүшүсү менен болгон жолугушууда аталган маселе каралып Манас токой чарбасынын эмгек жааматынын өтүнүчүн эске алып түзүлгөн кырдаалга ылайык токой чарба жумуштарын өз денгээлинде жүргүзүүнү, эмгек жааматынын арасында стабилдүүлүктүү камсыз кылуу максатында, аталган токой чарбанын жетекчиси Э.Исмаиловду өз ээлеген кызмат ордунда калтыруу боюнча чечим кабыл алынганын билдирген Мамагенттиги.
Ушул эле жылы аяк оона айында туруктуу комиссиясы райондук Кеңештин кезектеги 10чу сессиясында, райондук ветеринария башкармалыгы тарабынан малдарга жугуштуу ылаңдардан арылтуу, алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштерине текшерүү жүргүздү.сессия учурунда депутаттар тарабынан сунушталып, айыл өкмөттөрүндөгү ветеринарлар айыл-айылдарды кыдырып ылаң малдарды эмдөө, дарылоо процессин жүргүзүү үчүн графиги түзүлүп адистер иш алып барууда, 13.09.2010-жылы № 68 токтому менен кабыл алынган.
Ушул эле сессияда депутаттар тарабынан №69 Май айыл округунда айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу пайдалануу жөнүндө токтомуна 7 сунуш киргизилип Манас райондук мамлекеттик администрация башчысынын м.а Б.Джаналиевага аталган токтом аткарууга берилген бирок, азыркы күнгө чейин эч кандай билдирүү жок токтом бир добуштан кабыл алынды.
Туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Отунчиев жана комиссия мүчөлөрү 2008-2010-жыл ичинде ар бир болуп өткөн сессияга материалдарды даярдоого активдүү катышышты мындан тышкары туруктуу комиссияны төрагасы Ж.Отунчиев быйылкы жылы район ичинде суу, жер, айыл чарба эмес багытындагы жерлерди тактоого комиссиянын мүчөсү иретинде талаш-тартыштарга, маселелерине өзүнүн сунуш ой-пикирин айтты. Райондук Кеңештин “Агрардык, жаратылышты жана экологияны коргоо маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын аткарган иштеринин маалыматын угуп, талкуулап Манас райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Райондук Кеңештин “Агрардык жаратылышты жана экологияны коргоо маселелери боюнча” туруктуу комиссиянын 2008-2010 жыл аралыгында аткарган иштери белгиленсин.
2.Райондук Кеңештин “Агрардык жаратылышты жана экологияны коргоо маселелери боюнча” туруктуу комиссияларына (Отунчиев Ж, Кочкорбаев К, Жумашев А, Уметалиев Р, Айтбаев М) комиссиялардын ишин жандандыруу, сессияга каралуучу маселелерди өз убагында тапшыруу жагы милдеттендирилсин.
3.Райондук Кеңештин туруктуу комиссияларына (Отунчиева С, Отунчиев Ж,Осмонбеков Р, Маматаев С, Садырова Г) сессияга каралуучу маселелерди өз убагында аткаруу жана комиссиянын ишин натыйжалуу алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4.Районубуздун дыйкан, фермерлери айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өнүгүүсүн, азык-түлүктөрүнүн өсүшүн, түшүмдүлүгүн жогорулатуу жана жогорку сапаттагы үрөндү көбөйтүү боюнча туруктуу комиссиясына кайрылган учурунда пайдалуу кеңештер берилсин.З.Бүркүтбаевке жүктөлсүн.
Манас райондук Кеңештин төрагасы |
Кузебаев Е.Т. |