Редакцияот 23.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 30- сессиясы

 

2016-жылдын 23-августу № 30/6

 Т.Усуповага көчөнүн атын берүү жөнүндө

Кочкор айыл аймагына караштуу Тендик айылына тиешелүү жаны конуштагы көчөгө чыгаан педагог Тамара Усупованын ысымын берүү боюнча көчөнүн жашоочуларынын кайрылусун карап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айыл аймагына караштуу Тендик айылына тиешелүү жаны конуштагы көчөгө чыгаан педагог Тамара Усупованын ысымын берүү боюнча 2016-жылдын 11-июнундагы чакан көчөнүн жашоочулары менен өткөрүлгөн чогулуштун №1-протоколу бекитилсин.

2. Турак-жайларга көчөнүн аты,турак-жайдын номери жазылган көрнөктөрдү жасатып илдирүү Т.Усупованын үй бүлөсүнө жана балдарына милдеттендирилсин.

Төрага

А. Аситов