Редакцияот 25.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 31- сессиясы

 

2016-жылдын 25-октябры № 31/3

Кара-Кужур суусуна коюлган көпүрөгө ат берүү жөнүндө

Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак аймагындагы Орто Бүлөтү участкасынын тургундарынын 2016-жылдын 06-октябрындагы Кара-Кужур суусуна коюлган көпүрөгө ат берүү жөнүндө №1-протоколун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак аймагындагы Орто Бүлөтү участкасынын тургундарынын 2016-жылдын 06-октябрындагы Кара-Кужур суусуна коюлган көпүрөгө ат берүү жөнүндө №1-протоколу бекитилсин.

2. Кара-Кужур суусуна коюлган көпүрөгө Жыргалбек кызы Жаркындын ысмы берилип, “Жаркын ”атындагы көпүрө деп аталсын.

3. Көпүрөнүн атын жазып илдирүү Большевик айылынын айыл башчысы М.Таласовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Аситов