Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-ноябры №78
Манас райондук мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2010-жылдын 10 айында жүргүзгөн иши жөнүндө.
Манас райондук мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык козөмөлдөө борборунун жетекчиси Ч. Сагындыкованын 2010-жылдын 10 айында аткарган иши жөнүндөгү маалыматын угуп, талкуулап Манас райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборун жетекчиси Ч. Сагындыкованын маалыматы эске алынсын.
2.Манас райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборун жетекчиси Ч. Сагындыковага районубуздун мектептериндеги окуучуларга берилүүчү шашке тамактардын.санатын карап көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
3.Райондук Коңештин туруктуу комиссиясынын 13.11.2010-жылкы кайрылуусун,райондук Кеңештин кезектеги 17.11.2010-жылы болуп өткөн 11чи сессиясындагы депутаттардын сунушу жана райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун чыг. 04-8-143 11.11.2010-жылкы катынын (каттар тиркелет)негизинде райондун аймагындагы жеке ишкерлердин иш жүргүзгөн имараттарынын санитардык,өрт коопсуздук абалын жана дүкөндөрдөгү сатылуучу товарлардын мөөнөтүн жана каттарда көрсөтүлгөн кемчиликтерди текшерүү үчүн 7 кишиден турган төмөндөгүдөй комиссия түзүлсүн:
1) Садырова Г.А.-райондук Кеңештин "Билим.маданият,ден-соолук жана социалдык маселелери боюнча"туруктуу комиссиянын төрайымы,ушул комисиянын төрайымы.
2) Дөөлөтов Э.К.-райондук социалдык фонддун башчысы мүчө.
3) Ускенбаев Т.Ш.-райондук архитектура бөлүм башчысы мүчө.
4) Сагындыкова Ч.А.-райондук санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси мүчө.
5) Жуманалиев Н.А - paйoндук мамлекеттик айлана чөйрөөнү коргоо инспектору мүчө.
6) Атантай уулу У - райондук салык кызматынын башкы инспектору мүчө.
7) Сыдыков У К - райондук өрткө каршы бөлүмүнүн инспектору мүчө.
4. Түзүлгөн комиссия жылдын жыйытыгы менен текшерүү ишин алып барышсын.
5. 2011-жылдан тартып райондук комиссия кийинки кезектеги текшерүү убактысын райондук прокуратурасы менен макулдашуусу көрүлсүн.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы "Билим. маданият. ден - соолук жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы (Садырова Г.) жүктөлсүн.
Манас райондук Кеңешинин төрагасы |
Е.Кузебаев |