Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 31/4
Жайлоо бала-бакчасы жөнүндө
Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулуп жаткан жайлоо бала бакчасын ачуу боюнча Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын «Наристе-И» бала бакчасынын башчысы И.Токторбаеванын сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын «Наристе-И» бала бакчасынын башчысы И.Токторбаеванын иш аракети менен Сон-Көл жайлоосунда 2016-жылдын июль-август айларында 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар үчүн жайлоо бала бакчасы ачылсын.
2. Бала бакчаны балдардын санына жараша аларга керектүү инвентарлар жана ашканасын тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу, тиешелүү кызматкерлер менен жайлоого чыгуу «Наристе-И» бала бакчасынын башчысы И.Токторбаевага милдеттендирилсин.
3. Жайлоо бала бакчасынын көчүп конуусуна, боз үй жана чатырдын ижаралоо чыгымдарын Жайыт комитетинин эсебинен карап берүү жагы Жайыт комитетинин төрагасы Осмоналиев Алымбек Медетовичке, ал эми балдардын коопсуздугу жана ынгайлуулугуна жараша бала бакчанын жайгашуусуна көмөк көрсөтүү Большевик айылынын айыл башчысы М.Таласовго тапшырылсын.
Төрага | А. Аситов |