Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 31/5
Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Кочкор айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылынын жашоочусу, салык кызматынын отличниги , ардагер Калбаялиев Акмат;
2. Милициянын подполковниги Молдалиев Каныбек Жумабекович;
3. Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Исраилов Мирлан Мажитович;
4. Кочкор айылдык Кенешинин депутаты Балкыбеков Тилек Жеткинчекович,
5. Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын кызматкери Бейшеев Бакыт Кубатбековичтер Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына сунушталышсын;
2. Жогорудагы жарандарга райондун «Ардактуу атуулу» наамын берүү жагы Кочкор райондук кошмо жыйындар Кеңешинен суралсын.
Төрага | А. Аситов |