Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-ноябрынын №74
Райондук бюджеттин 9 айдагы аткарылышы жөнүндө
2010 –жылдын 9 айынын киреше боюнча планы 1378,5 миң сом болсо, аткарылышы 1700,0 миң сом же 123 пайызга аткарылган.Анын ичинен иштөөчүлөрдүн эмгек маянасынан алынуучу салыктын планы 1025,6 миң сом , аткарылышы 1314,5 миң сом же план 128 пайызга аткарылды.
Сатыктан түшүүчү планы 241,3 миң сом болсо, аткарылышы 233,7 миң сом же план 96,8 пайызга аткарылган. Атайын каражаттын планы 95,6 миң сом болсо, аткарылышы 126,5 миң сом же план 132,3 пайызга аткарылган. Ал эми республикадан 10485,5 миң сом трансферт түшкөн. 1806,2 миң сом категориалдык грант, 7662,0 миң сом теңдөөчү грант, 175,5 миң сом мугалимдердин педогогикалык стажына , 15,2 миң сом медициналык стажына райондук социалдык коргоо башкармалыгына 132,0 миң сом, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык электр энергиясына компенсациялык төлоөм үчүн 310,7 миң сом, көмүр үчүн 33,6 миң сом, жарлыгына ылайык электр энергиясына 304,4 миң сом, мектептердин оңдоо ишине 30,6 миң сом түшкөн.
Өткөн жылдын 9 айы менен салыштырмалуу алганда үстүбүздөгү жылы 290,6 миң сом салык көп түштү. Райондук бюджеттин чыгашалар бөлүгүнүн планы 11990,3 миң сом болсо, аткарылышы 10809,4 миң сомду түзүп план 90,1 пайызга аткарылган.
Каржылоо өткөн жыл менен салыштырмалуу алганда үстүбүздөгү жылы 1198,8 миң сомго көп жүргүзүлгөн.Жыл башында бюджетти райондук Кеңештин сессиясында караганыбызда 85,1 пайыз дотатциада отурабыз, ал райондун салыгы 14,9 пайызды түзөт.
Ошондуктан бюджеттик мекемелерди каржылоо райондук бюджетке салык кирешесин, гранттардын жана трансферттердин түшкөнүнө жараша жүргүзүлдү жана биринчи кезекте корголгон беренелерге каржылоо . жүргүзүлдү.
Жалпы чыгымдалган каражаттын 65,1 пайызы айлык акыга 5,1 пайызы коммуналдык чыгымдарга 2,7 пайыз, унаа чыгымдарга 2,7 пайыз, оңдоо ишине 7,5 пайыз, тамак ашка 2,3 , ар кандай чыгымдарга 8,7 пайыз, иш сапарына 2,7 пайыз, жеңилдикке, резервдик фондко, ижара акыларга 2,5 пайыз инвентар сатып алууга 2,4 пайыз чыгымдалган.
Жогоруда айтылгандай 9 айдын баяндамасын карап көрүп жана талкуулап Манас райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2010-жылдын 9 айынын райондук бюджетинин аткарылышы боюнча райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Жаманбалаевдин баяндамасы эске алынсын.
2. Райондук каржы бөлүмүнүн башчысы (Ж.Жаманбалаев) жана райондук бюжеттик мекемелердин жетекчилерине, эсеп-кысап боюча адистерге жыл башында сметада каралган каражаттарды мыйзамдуу пайдалануу , ыксыз чыгымдарга жол бербөө жагы каралсын.
3. Райондук мекемелердин жетекчилерине электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу , ага болгон жортуу адистерге карата талапты күчөтүү жана баяндамаларды өз убагында райондук электр тармактар ишканасы менен райондук каржы бөлүмүнө көрсөтүлгөн мөөнөттө берип туруу жагы көзөмөлдүккө алынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы ( С.Маматаевке) милдеттендирилсин.
Манас райондук Кеңешинин төрагасы: |
Кузебаев Е.Т |