Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13 сентябры № 68
Манас райондук ветеринария башкармалыгы тарабынан малдарды жугуштуу ылаңдардан арылтуу, алдын-алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө.
Манас райондук ветеринария башкармалыгынын жетекчиси К.маматов тарабынан 2010-жылдын 8 айында малдарды жугуштуу ылаңдан арылтуу, алдын-алуу боюнча жүргүзүлгөн иштери тууралуу берген маалыматын угуп, талкуулап Манас райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук ветеринария башкармалыгынын жетекчиси К.Маматовдун маалыматы эске алынсын.(тиркелет)
2. Райондогу айыл округтарынын ветеринардык адистери менен бирге малдарды жугуштуу ылаңдан арылтуу, алдын-алуу боюнча тыгыз иш алып барусу суралсын.
3. Малдарды жугуштуу ылаңдан арылтуу, алдын-алуу үчүн өз убагында вакцинацияларды дайындоо, эмдөө, ооруларын дарылоо жана ылаң чыккан жерде кезексиз иш-чаралар көрүлсүн.
4. Манас райондук Кеңешинин 13.09.2010 жылы кезектеги 10 чу сессиясында депутаттардын сунушуна ылайык, айыл өкмөттөрүндөгү ветеринардык адистерине айыл-айылдарды кыдырып ылаң малдарды эмдөө, дарылоо прцессин жүргүзүү үчүн график түзүлүп, анын аткарылышы жөнүндө 2010 жылдын жыйынтыгы менен райондук Кеңешке маалымат берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Агрардык, жаратылышты жана экологияны коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына (Ж.Отунчевке) жүктөлсүн.
Манас райондук Кеңешинин төрагасы: |
Е.Т. Кузебаев |