Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июлу № 9
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жумгал районунун мамлекеттик статистика бөлүмү менен түзүлүүчү келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө”мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17- мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө №145 токтомунун негизинде депутаттардын куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы, Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 2жана3 пункттарын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун куйручук айыл аймагындагы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жумгал райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Жумгал районунун Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим жана жетектөөчү адис статистика штат бирдиги бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20- беренесинин талаптарына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3. Жумгал районунун Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтү, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти кызматтык өлмө менен камсыз кылсын.
4. Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысына, келишимде көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчүадистин иш милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдарын жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т. Асановго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Чокоев |