Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-сентябры № 12
Кыргыз республикасынын “Жер Кодексинин” 13,27 беренелеринин, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү, укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”мыйзамынын 4 беренесинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 47 беренесинин жана Куйручук айыл аймагынын жер комиссиясынын кайрылуусунун негизинде Куйручук айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл аймагындагы Байтокова Зулайка көчөсүндөгү Ж. Шамбетов менен З. Асанбековдун ортосундагы 0,18 га бош жерди май куйуучу жай курууга айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине, балансасына берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер участогуна тийиштүү юридикалык документтерди даярдап берүү жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Жумгал райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Асановко жүктөлсүн.
Төрага | К. Чокоев |