Редакцияот 01.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 1-августу № 2

Ыйгарым укуктар жөнүндө

Акназаров айыл Кеңешинин 30-чакырылышынын депутаттарынын 2016-жылдын 01-августундагы кезексиз 26-сессиясы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен айыл өкмөтүнүн ортосунда түзулгон келишимди карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчилике алуу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен айыл өкмөтүнүн ортосунда түзулгон келишим бекитилсин .

2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына акча каражаттары которулгандан баштап аткарууга алынсын.

3. Бул келишимди аткаруу айыл өкмөт башчысы М.Жакышевге жуктөлсүн.

4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

К. Жорготаев