Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-ноябры №72
Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча аткарган иштери жөнүндө.
Манас райондук иштер бөлүмү тарабынан 2010 жылдын 10 айында кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча аткарган иштери жана коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулуктун бетин ачууга ошондой эле районубуздун аймагындагы коомдук саясий кырдаалды жөнгө салууга бир топ иш багытталды.
Манас РИИБнүн өздүк курамы ИИМнин коллегиясынын талаптарын, ИИМдин буйруктарынын жана Талас ОИИБнүн көрсөтмөлөрүн аткарууда ошондой эле мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоодо,бангилик кылмыштар менен күрөшүүдө жана коомдук түзүлүштөр менен өз ара байланышты бекемдөөдө бир топ ишер аткарылды. Жалпы район аймагы боюнча Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 26 кулжадагы №82 мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында 5 алдын алуу борбору беш айыл округунда түзүлгөн.
2010-жылдын 10 айында Манас районунун аймагында жалпы баары болуп 214 арыз даттануулар каттодон өткөрүлгөн, анын ичинен 53 кылмыш иши козголуп, 53 кылмыш иши Манас райондук соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Ал эми 6 кылмыш иши өндүрүштө калган. ( Мындан тышкары КУП боюнча Манас райондук прокуратурасы тарабынан 13 кылмыш иши козголгон) 147 материал боюнча кылмыш иши козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган, катталган арыз даттануулардан 1 материалы башка жакка жиберилген.
2009-жылдын 10 ай ичинде Манас районунун аймагында баары болуп 180 арыз даттануулар каттоодон өткөрүлгөн, анын ичинен 70 кылмыш иши козголуп, 50 кылмыш иши Манас райондук сотунун кароосуна жиберилген. (Манас райондук прокуратурасы тарабынан 8 кылмыш иши козголгон) 133 арыз даттануу боюнча кылмыш иши козгоодон баш тартуу чечими кабыл алынган.
2010-жылдын 10 ай ичинде жалпы 74 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 66 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетинин ачылышы 89,1 % түзөт.
2009-жылдын 10 айында жалпы 111 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 100 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетинин ачылышы 90,1% түзгөн.
Кылмыш иликтөө багыты боюнча: 50 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 43 кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 86% түзөт. Ал эми былтыркы жылы бул багытта 93 кылмыш тергелип, анын ичинен 83 кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 89,2% түзгөн.
Белгисиз жагдай боюнча: 2010-жылдын 10 ай ичинде 47 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 41 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетинин ачылышы 87,2 % түзгөн. Былтыр ушул мезгилге 92 кылмыш иши тергелип, андан 82 кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 89,1%. түзгөн.
Оор кылмыш иштери боюнча: 2010-жылдын 10 айында 2 кылмыш иши тергелип, 2 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетинин ачылышы 100% түзөт. Ал эми былтыркы жылы бул багыт боюнча 3 кылмыш иши тергелип, андан 3 кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 100% түзгөн.
Оор жана өзгөчө кылмыш иштери боюнча: 2010-жылдын 10 ай ичинде 6 кылмыш иши тергелип, бети ачылып, ачылуу пайызы 100 % түзгөн. Ал эми былтыр ушул мезгилде 22 кылмыш иши тергелип, 19 кылмыштын бети ачылып 86,4% түзгөн.
Адам өлтүрүү кылмыш иштери боюнча: 2010 жылдын 10 ай ичинде катталган эмес, ал эми былтыр 3 кылмыш иши тергелип, кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 100% түзгөн.
Зордуктоо кылмыш иштери боюнча: 2010-жылдын 10 ай ичинде 2 кылмыш тергелип, бети ачылып, 100 % түзгөн.Ал эми 2009-жылдын 10 ай ичинде 1 кылмыш тергелип, бети ачылып, 100 % түзгөн.
Уурулук боюнча: 2010-жылдын 10 айында 25 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 20 кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 80% түзгөн. Ал эми 2009-жылдын 10 ай ичинде 30 кылмыш иши тергелип, андан 29 кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 96,7 % түзгөн.
Квартиралык уурулук боюнча: 2010-жылдын 10 ай ичинде 13 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 10 кылмыштын бети ачылып, кылмыштын бетинин ачылышы 76,9% түзгөн. Былтыр ушул мезгилге 12 кылмыш иши тергелип, 12 кылмыштын бети ачылып ачылуу пайызы 100 % түзгөн.
Мал уурулук боюнча: 2010-жылдын 10 ай ичинде 8 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 6 кылмыштын бети ачылып, ачылуу пайызы 75% түзгөн. Ал эми былтыр ушул мезгилге 11 кылмыш иши тергелип, андан 8 кылмыш ачылып, кылмыштын бетинин ачылышы 72,7% түзгөн.
Сот жана тергөө органдарынан качып жүргөндөрдүн издөө боюнча: 2010-жылдын 10 айында 16 кылмышкерге издөө жарыяланып, алардын ичинен 10 кылмышкер кармалып, 62,5%ды түздү, ал эми былтыркы жылы 29 кылмышкерге издөө жарыяланып, 17 кылмышкер кармалып, 58,6% ды түзгөн.
Банги бизнеске каршы курөшүү багыты боюнча: 2010-жылдын 10 ай ичинде баңги бизнеске жана баңги каражатына байланышкан жалпы 10 кылмыш иши тергелип , анын ичинен баңги каражатын сатуу боюнча 1 кылмыш иши козголгон. Ал эми 2009-жылдын 10 ай ичинде баңги бизнеске жана баңги каражатына байланышкан 11 кылмыш иши тергелип, соттун кароосуна жиберилген. Быйылкы жылдын 10 айында оор банги заттары кармалган фактылар болгон жок, ошондой эле контробандалык кылмыштарды, райондун аймагындагы дарыканаларда психотропалык дары дармектерди саткандарды кармоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Тергөө бөлүмчөсү штат бирдиги боюнча: Манас РИИБнүн тергөө бөлүмчөсүндө жалпы 4 кызматкер эмгектенет, анын ичинен: 1 тергөө бөлүмчөсүнүн башчысы, 1 ага тергөөчү, 2 тергөөчү (1 ага тергөөчүнүн жана 1 тергөөчүнүн орду бош).
2010-жылдын 10 айында тергөө бөлүмчөсү тарабынан өндүрүшкө 84 кылмыш иши кабыл алынган, былтыр ушул убакытка 118 кылмыш иши өндүрүшкө кабыл алынган, (-37) 2010-жылдын 10 айында 55 кылмыш иши козголуп, былтыр 72 кылмыш иши козголгон. (-17), соттун кароосуна 53 кылмыш иши жиберилип, былтыр 50 кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген (+3). Тергөө жолу менен 4 кылмыштын бети ачылган, былтыр 9 кылмыштын бети ачылган (-5).Тергөөдө кетирилген кемчиликтери үчүн соттун кароосунан кылмыш иштери кайтарылып келген жок. Кыргыз Республикасынын жазык процессуалдык кодексинин 19-бер. 3- бөлумүнүн негизинде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ар бир өндүрүштөн бүтүрүлгөн кылмыш иштери боюнча 2010-жылдын 10 айында жалпы 36 материал жиберилип, анын ичинен коомдук алдын алуу борборунда 16 материалы каралган. Жогорудагы аткарылган иштерди эске алуу менен Манас райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча 2010-жылдын 10 айында аткарылган иш аракеттери белгиленсин.
2. Райондук ички иштер бөлүмү тарабынан коомдук тартипти сактоо айыл өкмөттөргө, аксакалдар сотторуна, “Сакчы” топторуна жана башка коомдук түзүлмөлөрүнө методикалык жактан колдоолор көрсөтүү жагы сунушталып, алар менен байланышты жандандырып иш алып баруу жагы суралсын.
3. Райондун мектептеринде ай сайын чөлкөмдүк милициялар өспүрүм арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жолугушуулар өткөрүлсүн.
4. Айыл округтарындагы алдын алуу борборундагы түзүлгөн комиссия мүчөлүгүнө райондук Кеңештин депутаттарынан киргизилсин.
5. Райондогу жол белгилерин жаңыртуу жагы райондук ички иштер бөлүмүнөн суралсын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы райондук Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясына (С.Отунчиев) милдеттендирилсин.
Манас райондук Кеңештин төрагасы: |
Е.Кузебаев |