Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 2/3
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине айыл тургундардан келген арыздарды кароо жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине шайланган депутаттар, айылдык кеңешинин төрагасы А.Өмүровго келген арыздарды угуп жана талкуулап, айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айылынын тургуну Амангулов Кайраттын жазган арызы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге аткаруу жагы милдеттендирилсин.
2. № 5 ҮДТ клиникасынын жетекчиси Убалиев Соңкөлбектин жазган арызын айыл өкмөт башчысы С.Убалиев мыйзам чегинде аткарып берүү жагы каралсын.
3. Кум-Дөбө айылынын Кырман, Нар-Бото, Ак-Тамдагы жашаган тургундардын жазган арыздарын карап, ҮДТ № 5 клиникасынын жетекчиси Убалиев Соңкөлбектин карамагындагы Степ-Вагон авто унаасы менен бир күндө эки жолу каттап, окуучуларды ташып келүү жагы милдеттендирилип, ага кетүүчү күйүүчү майды ата-энелер камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөндөрдүн аткарылышы боюнча айылдык кеңешинде түзүлгөн туруктуу комиссияга тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |