Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 2/4
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы, Ак-Жар, Бугучу, Кум-Дөбө айылдарындагы элдик жыйындын токтомдорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине шайланган депутаттар, айылдык кеңешинин төрагасы А.Өмүровго айылдардан келген элдик жыйындардын токтомдорун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын 2017-жылдын январь айындагы элдик жыйынынан чыккан токтомдору бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу айылдарда менчик дүкөндөрү жана жеке спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагына фирмалар аркылуу ташылып келинген жана таксистер алып келип үйдө саткандарга 5000(беш миң) өлчөмүндө айып салынаары эскертилсин.
4. 2017-жылдын 1-мартына чейин спирт ичимдиктерин сатууга токтотуу жагы белгиленсин.
5. Бул токтомдордун аткарылышын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |