Редакцияот 10.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин уюштуруу 3- сессиясы

 

2017-жылдын 10-февралы № 3/1

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү боюнча 2017-2021- жылдарга карата стратегиялык жана инвестициялык планына өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө

Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине шайланган депутаттары, айылдык кеңештин төрагасы А.Өмүровдун маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүн өнүктүрүү боюнча 2017- 2021- жылдарга карата стратегиялык жана инвестиция планына өзгөртүү, толуктоосу менен бекитилсин.

2. Жогорудагы 2017-2021- жылдарга карата стратегиялык жана инвестиция планын ишин алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча аткаруучу Г.Жумагуловага тапшырылсын.

3. Бекитилген стратегиялык өнүгүү планы Кочкор райондук АРИСтин өкүлчүлүгүнө тапшырылсын.

 

Төрага

А. Өмүров