Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 37
Балдар ойноочу аянтча куруу үчүн жер аянтын көбөйтүп берүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Муниципалдык менчигинде турган М.Нурбаев орто мектебинин башталгыч класстары окуган эски имаратынын жер аянты жетишсиз болгондуктан ,маданият үйүнүн 0.8 сотик жер аянтын кошумчалап берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн арызын карап чыгып ,талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 13 беренелерин жетекчиликке алып ,Мырза- Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Муниципалдык менчигинде турган М.Нурбаев орто мектебинин башталгыч класстары окуган эски имаратынын жер аянтына маданият үйүнүн жер аянтынан 0.8 сотых жер аянтын кошуп,көбөйтүлүп берилсин.
2. Маданият үйүнүн жер аянтынан 0.8 сотых жер аянты кошулгандан кийин жалпы 30.4 сотик жер аянтына балдар ойноочу аянтча курууну ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан керектүү иш кагаздарын түзүп берүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Джусупов |