Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 38
Кара-Дөбө көмүр кени чыккан жер аянтынын котегориясын өзгөртүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө участкасындагы Тармал ЖЧК Кара-Дөбө көмүр кенин казып иштетүү үчүн убактылуу лицензиянын убагы көрсөтүлгөн 2017-жылдын 7-июнуна чейин пайдаланууга 120.05 га (бир жүз жыйырма га , беш сотых) гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер “ котегориясынан “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери” котегориясына которуп берүү жөнүндөгү Тармал ЖЧК ишканасынын жетекчисинин арызын карап, таанышып , Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 7,9,10,13,25,31 беренелерин жетекчиликке алып Мырза-Аке айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Жаман –Тал участкасындагы ОсОО Кара-Дөбө көмүр кенин казып иштетүү үчүн убактылуу лицензиянын убагы көрсөтүлгөн 2017-жылдын 7-июнуна чейин пайдаланууга 120.05 га (бир жүз жыйырма га , беш сотых) гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер “ котегориясынан “Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери” котегориясына которуп берилсин.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Тармал ЖЧКнын Кара-Дөбө участкасындагы көмүр кени Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу жер участогунда жайгашкандыгы эске алынып , салык төлөмү өз убагында айыл өкмөтүнүн бюджетине төгүлүп туруусу , отчеттуулук милдетти так аткаруу жоопкерчилиги Тармал ЖЧК ишканасынын жетекчиси Ж.Садырбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Джусупов |